
Ошто «Бирдиктүү терезе» мамлекеттик кызмат көрсөтүү борбору ачылды. Система милициядан алынуучу справкаларды ыкчам берүүнү камсыздап, коррупцияны жоюуга өбөлгө түзөт. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.
Мамлекеттик кызмат көрсөтүү борборунун ачылышы өкмөт башчы М.Абылгазиевдин Ош аймагына 2 күндүк иш сапарына туш келди.
Бирдиктүү терезе системасы кандай тартипте иштейт? Бул тууралуу өкмөттүн маалыматтык технологиялар
башкармалыгынын башчысы Бекжан Курманалиев түшүндүрүп берди.
— «Бирдиктүү терезе» системасы тактамаларды алуу тартибин жөнөкөйлөтүп, алуу мөөнөтүн кыскарат. Ошондой эле, коррупцияны жоюуга өбөлгө болот. «Бирдиктүү терезе» мамлекеттик кызмат көрсөтүү борбору Ош облусунун жана Ош шаарынын жашоочуларына бул кызматтарды көрсөтөт: 1. Адамдын кылмыш жоопкерчилигине тартылганы-тартылбаганы,
2. Өлкөнүн аймагында соттолгону-соттолбогону тууралуу справкаларды;
3. Кооптуу жүк ташыган транспорт каражаттарына уруксат кагаздарын;
4. Жарандык жана кызматтык курал-жаракты, кооптуу жардыргыч материалдарды жана пиротехникалык буюмдарды кабыл алууга жана берүүгө лицензияларды жана уруксат кагаздарын берүү кызматтары.» — деди Б.Курманалиев.
Учурда, “Бирдиктүү терезе” Бишкек шаары менен Чүй облусунун аймагын тейлеген Чүй ОИИБда 2018-жылдын 27-октябрында ишке кирген.
Ал эми Жалал-Абад, Ош жана Баткен облустарында ушул жылдын 20-мартында ачылып, алардын бардыгы облустук милициянын имараттарында жайгашкан.
Ошондой эле “Бирдиктүү терезе” борборлору жакында Талас, Ысык- Көл жана Нарын облустарында да ачылат.
Оставьте первый комментарий