Баткенде жер титиреди

Баткен облусунун аймагында очогунда күчү 3,5 баллга жеткен жер титирөө катталды. Бул тууралуу өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы кабарлады. 

Сейсмология институтунун маалыматына ылайык, силкинүү 28-март күнү саат 23:59да катталган. Жер титирөө Баткен районунун Кыштут, Тескей, жана Жаңы-Коргон айылдарында 2 баллага чейин сезилген.

Министрликтин кабарлашынча, жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.

Эскерте кетсек, Баткен облусунда акыркы жолу 25-мартта жер титиреген. Зилзаланын күчү  күчү очогунда 3  баллга жеткен эле.

 

Автор Т-медиа 11133 статьи

Оставьте первый комментарий

Оставить комментарий

Ваш электронный адрес не будет опубликован.


*