Фарид Ниязовго кылмыш иши ачылды

Президенттик аппараттын мурдагы башчысы Фарид Ниязовго карата жазылган арыздын негизинде кылмыш иши козголду. Бул тууралуу ички иштер министрлигинин маалымат кызматы кабарлады. 

Маалыматка ылайык, милициянын тергөө кызматына арыз менен Максат Чегирткеев кайрылган. Ал апрель окуясынын катышуучусу экенин, анын дарылануусуна Саламаттык сактоо министрлиги бөлгөн 200 миң сомду Ниязов кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланганын айткан.

Мындан улам анын ден соолугу начарлап, моралдык азап чеккендиги үчүн кылмыш жоопкерчилигине тартуу боюнча арыз жазган.

Ал эми Фарид Ниязов ички иштер министри Кашкар Жунушалиевге кайрылуу жолдоп, өзүнө карата козголгон кылмыш ишин саясий буюрутма экенин билдирген.

«Бул «жогору» жактан берилген тапшырма экенине мен толук ишенем. Ошондуктан инцидентти саясий буюртма катары баалоого жана ИИМдин кызматкерлерине аны аткарууга мажбурлады деп эсептөөгө толук укугум бар», — дейт билдирүүсүндө Фарид Ниязов.

Чегирткеевдин арызы 20-марттта жооруктардын жана кылмыштардын бирдиктүү реестерине катталып, сотко чейинки өндүрүшкө алынды.

Бул кылмыш иши боюнча ички иштер министрлигинде ыкчам-тергөө тобу түзүлдү. Азыркы учурда кылмыш иши боюнча ыкчам-тергөө иш-чаралары жүрүп жатат.

Автор Т-медиа 11169 статей

Оставьте первый комментарий

Оставить комментарий

Ваш электронный адрес не будет опубликован.


*