
Ош шаарынын Осмонов көчөсүндө эки автоунаа кагышып, экөө тең күйүп кетти. Алдын ала алынган маалымат боюнча каза болгондор жок.
Окуя 29-март күнү болжол менен саат 20.30дар чамасында катталган. Өрт өчүрүү кызматынын нөөмөттөгү бөлүмүнөн билдиргендей, Кара-Суу районунун Кызыл-Кыштак айыл өкмөтүнүн Осмонов жана ахмедова көчөлөрүнүн кесишинде «Мерс 230» автоунаасы менен «Форд фокус» унаалары кагылышкан. Натыйжада эки унаадан тең өрт чыгып, толугу менен күйүп кеткен. Унаалардагы 3 жүргүнчүнү тез жардам кызматы алып ооруканага алып кетишкен.
Учурда жабыркагандардын абалы белгисиз. Алдын ала маалыматтар боюнча каза болгондор жок. Ош облустук жол коопсуздугун камсыздоо кызматынын билдиришинче, учурда кырсык катталган жайга ыкчам тергөө тобу иштеп жатат. Кошумча маалыматтар берилет.
Оставьте первый комментарий