Миллер: «Газпром» Кыргызстан менен түзгөн келишимди толук аткарат

Бул тууралуу Орусиянын «Газпром» ишканасынын төрагасы Алексей Миллерди президент С.Жээнбеков менен жолукканда билдирди.

Мамлекет башчысы С.Жээнбековдун айтымында, мунайгаз тармагындагы кол коюлган келишимдер өлкөнүн экономикасын өнүктүрүүгө жана калктын жашоосун жакшыртууга көмөк болооруна ишенимин билдирди.

Алексей Миллер «Газпромдун» алдына коюлган бардык макулдашуулар жана милдеттер өз мөөнөтүндө жана толугу менен ишке ашырылат деп ишендирди.

Маалым болгондой, орус президенти В.Путиндин Кыргызстанга жасаган мамлекеттик иш сапарында «Газпром» ишканасы өлкө аймагында 2030-жылга чейин иш жүргүзөөрү айтылган.

Ошондой эле орус мамлекет башчысы «Газпром» ишканасы 2011-жылдан баштап Кыргызстанга бажы төлөмүсүз жылына 1 млн тонна мунай жана мунай азыктарын ташып жатканын билдирген.

 

Автор Т-медиа 11166 статей

Оставьте первый комментарий

Оставить комментарий

Ваш электронный адрес не будет опубликован.


*