Шашылыңыз! Төрт күндөн кийин декларация тапшыруу өнөктүгү аяктайт

Бирдиктүү салык декларациясын тапшыруу мөөнөтүнүн акыркы күнү дем алыш күнүнө туш келгендигине байланыштуу өнөктүк 1-апрелде аяктайт.

Бул тууралуу мамлекеттик салык кызматы билдирүү таратты. Декларация тапшыра элек жарандар калган күндөрү, анын ичинде 1-апрелде саат 9дан баштап түн ортосуна чейин тапшыра алышат.

1-апрелге чейин мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлер, жеке ишкерлер, анын ичинде патенттик негизде салык төлөгөндөр, менчигинде кыймылдуу, кыймылсыз мүлкү жана жер участогу (короо-жай участкаларынан башка) бар жеке жактар, ошондой эле, юридикалык жакты түзбөй туруп ишмердиктерин ишке ашырышкан дыйкан жана фермердик чарбалар декларация тапшырууга милдеттүү.

Декларацияны өз убагында тапшырбагандарга 1000 сом өлчөмүндө административдик айып салынат. Ал эми декларацияны убагында тапшырбаган мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлерге айыптан сырткары, алардын тизмелерин прокуратура органдарына өткөрүп берүү менен жарыялоо каралган.

Толук маалыматты жергиликтүү салык органдарынан, 194 номуру аркылуу Маалымат борборунан же www.sti.gov.kg сайтынан алууга болот.

Автор Т-медиа 11169 статей

Оставьте первый комментарий

Оставить комментарий

Ваш электронный адрес не будет опубликован.


*