Шашылыш билдирүү: тоолуу аймактарда сел жүрүшү мүмкүн

Өлкөдө 29-марттан 30-мартка чейин тоолуу аймактарда сел жүрүү ыктымалы жогору. Бул тууралуу өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалымат кызматы кабарлады.

Сел ыктымалы абанын температурасынын жогорулашына байланыштуу келип чыгууда. Министрлик тоолуу аймактын жашоочуларын сел коркунучунан сак болууга чакырат.

ӨКМ мындан сырткары кар көчкү ыктымалын да эскертти. Төмөнкү автоунаа жолдорунда кар көчкү  коркунучу сакталып жатат.

«Бишкек-Ош унаа жолунун 121-138-чакырымдарында (Төө-Ашуу ашуусу), 198-265-чакырымдарында (Ала-Бел ашуусу, Чычкан капчыгайы), Ала-Бука-Каныш-Кыя унаа жолунун 68-99-чакырымдарында (Чапчыма ашуусу), Красная-Горка-Ак-Таш унаа жолунун 1-4-чакырымдарында, Мырзаке-Кара-Кулжа-Алайкуу унаа жолунун 65-90, 95-130-чакырымдарында, Казарман-Актал-Чат унаа жолунун 43-44-чакырымдарында (Ийри-Суу тилкеси), 67-90-чакырымдарында (Кара-Гөө ашуусу), Каракол-Эңилчек унаа жолунун 45-92-чакырымдарында (Чоң-Ашуу ашуусу) кар күрткүсү жана кар көчкү түшүү коркунучу сакталат, жолдордун айрым жерлери тайгак болуп муз тоңот»,-деп айтылат маалыматта.

30-мартка чейин көпчүлүк аймактарда жаан жаап, тоолуу райондордо кар жаашы күтүлүүдө. Туруксуз аба-ырайы айыл чарба иштерин, унаа, энергетика жана коммуналдык кызматтардын ишин жана жайыттарда малды кармоону кыйындатат.

Унаалардын ортосундагы 500 метр аралык кыймыл чектелиши зарыл.

Автор Т-медиа 11166 статей

Оставьте первый комментарий

Оставить комментарий

Ваш электронный адрес не будет опубликован.


*