
Орусиялык кинолог Виталий Орлов life порталына Владимир Путинге Бишкекте тартууланган күчүк боюнча пикирин билдирди.
Ал тайган — балуу ит экендигин белгилеген.
«Ал ит менен көргөзмөлөрдө жүрбөйт. Итти баккан адам эмне максатта, кандай ойдо кармаганын билет. Тайган — Тян Шань тоолорунан чыккан түр. Ал майда жандыктардан сырткары, карышкырга дагы тиш сала алат. Тайган өтө балуу жаныбар. Кыргызстан Орусиянын президентине өзүнүн улуттук дөөлөтүн тартуулады», — дейт ал
Эскерте кетсек, кечээ Владимир Путиндин Бишкеке болгон мамлекеттик сапарында Сооронбай Жээнбеков ага тулпар жана тайгандын үч айлык күчүгүн тартуулады.
Оставьте первый комментарий