
Тышкы иштер министрлиги Орусия Кыргызстандын жарандарына карата буга чейин жарыяланган «миграциялык мунапыстын» жол-жоболорун кайра карап чыккандыгын билдирди.
Тактап айтканда, Орусияда болуу мөөнөттөрүн бузган Кыргызстандын жарандарына ушул жылдын 1-апрелинен 22-апрелине чейинки мезгилде Орусиянын чегинен чыкпай эле легалдашуу мүмкүнчүлүгү берилет.
Андыктан, «миграциялык мунапысты» колдоно турган Кыргыз жарандары жогоруда белгиленген убакыт аралыгында Орусиянын Ички иштер министрлигинин миграция маселелери боюнча башкы башкармалыгынын каалаган райондук бөлүмүнө Кыргызстанда колдонуудагы паспорту (ID-картасы же чет өлкөлүк паспорт) менен келүүсү керек, ал жактан миграциялык каттоого коюу менен жаңы миграциялык карта берилет.
Өздүгүн тастыктаган документтери (паспорттору) жок кыргызстандын жарандары жарыяланган «миграциялык мунапыстан» колдонуу үчүн кыргызстандын же орусиянын элчилигинен же консулдук мекемелеринин биринде (Екатеринбург, Новосибирск, Санкт-Петербург, Красноярск, Владивосток шаарларында) кыргызстанга кайтуу күбөлүгүн тактап, Орусиядан 22-апрелине чейин чыгып кетүүсү керек. Кайра Кыргызстанда таризделген паспорттун негизинде Орусиянын аймагына каалаган мөөнөттөрдө кирүүгө болот.
Ал эми Орусиядан сот чечими аркылуу чыгарылгандар кыргыз жарандары өз алдынча чыгып кетүүгө же милдеттендирген сот чечимин аткарбай жүрө берген жарандар тыюу салынган мөөнөтү аяктагандан кийин гана өлкөгө кире алат. Аларга бул «миграциялык мунапыс» колдонулбайт.
Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги Орусияда болуу мөөнөттөрүн бузуу менен жүргөн Кыргыз жарандарын «миграциялык мунапыстан» пайдаланып калууга дагы бир жолу чакырат.
Тактай турган маалыматтарды алуу үчүн Москва шаарындагы Элчиликтен же Кыргызстандын Мамлекеттик миграция кызматынын өкүлчүлүгүнүн түз телефон линиясына чалып, кайрылса болот: +79251032911, +74992383304, +79252917272, +74957807413, +74957807412, +74957807410.
Оставьте первый комментарий