Кызматыңдан пайдаланба! Ош прокуратурасы эскертет

Ош шаарынын прокуратурасы мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлерди кызматын өз кызыкчылыгына пайдаланбоого чакырат. 

Прокуратура тараткан билдирүүсүндө, «Кызыкчылыктардын кагылышуусу жөнүндө» мыйзамын бузган мамлекеттик жана муниципалдык кызматкер жоопкерчиликке тартылаарын эскертет.

««Кызыкчылыктардын кагылышуусу жөнүндө» мыйзамы менен мамлекеттик, муниципалдык кызматкерлерге кызматтык милдеттерин аткарууда алардын жана жакын адамдарынын өздүк (жеке) кызыкчылыгы бар көзөмөлдөө, контролдоо, функцияларын жүзөгө ашырууга, келишимдерди түзүүгө тыюу салынган. Мындан сырткары, белектерди жана кайрымдуулуктарды кабыл алууга карата чектөөлөр коюлган»,-деп билдирет  Ош шаарынын прокурору Кубат Абдраимов.

Мыйзамда 1000 сомдон ашкан белектерди жана кайрымдуулуктарды кабыл алууга тыюу салынат. Эгер бул эрежелер бузулса коррупциялык көрүнүш катары сыпатталып, жоопкерчилик каралат.

Автор Т-медиа 12149 статей

Оставьте первый комментарий

Оставить комментарий

Ваш электронный адрес не будет опубликован.


*