Кумтөр: былтыр 16 тоннадан ашык алтын өндүрүлгөн

Былтыркы жылы «Кумтөр Голд Компани» жабык акционердик коому 16 626 кг алтын өндүрдү. Бул тууралуу маалымат аталган ишкананын расмий сайтында жарыяланды.

Маалыматка ылайык, “Кумтөрдө”  534 563 унция же 16 626,78 кг алтын өндүрүлгөн. Ал эми сатылган алтындын көлөмү 530 448 унция же 16 498,79 кг түзгөн.

Кумтөр Кыргызстандын аймагында жүргүзгөн бардык төлөмдөрү 301,938 млн доллардан ашкан . Бул төлөмдөрдүн ичине: салык, товар жеткирүүчүлөргө төлөмдөр, инфраструктура, ар кандай кызмат көрсөтүүлөр, жардамдар жана башкалар кирет.

Жыл жыйынтыгы боюнча сатылган алтындан түшкөн киреше 660,1 млн. долларды түзгөн. Бир жыл ичинде 9,6 млрд сомдон ашык салык төлөнгөн.

Эскерте кетсек,  ишкана 1994-жылдан 2018-жылга чейин Кыргызстанга 3 млрд  774 млн доллардан ашык каражат төлөгөн.

 

Автор Т-медиа 11434 статьи

Оставьте первый комментарий

Оставить комментарий

Ваш электронный адрес не будет опубликован.


*