Өзгөндө жол кырсыгынан айдоочу каза тапты. Фото

Өзгөн-Мырза-Аке унаа жолунда «Дэу-Нексия» үлгүсүндөгү автоунаа башкаруудан чыгып, айдоочусу жеринен каза тапты. 

Бул тууралуу Ош облустук жол кыймыл коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынан билдиришти. Маалыматка караганда, кырсык 4-апрелде кечки саат 17:55 чамасында Өзгөн-Мырза-Аке жолунун 8-чакырымында катталган.

«Каза тапкан киши 50 жашта болгон. Ал рулду башкара албай,  жол четиндеги вагонду сүзүп алган. Автоунаанын ичинде андан башка бир жүргүнчү болгон. Ал денесинен жараат алып, Өзгөн райондук ооруканасына жеткирилген»,- деп айтылат маалыматта.

Каза болгон киши Өзгөн районунун тургуну болот. Аталган кырсык боюнча райондук ички иштер бөлүмүнүн тергөө кызматы тарабынан тиешелүү экспертизалар дайындалды. Учурда тергөө  иштери жүрүүдө.

 

Автор Т-медиа 11147 статей

Оставьте первый комментарий

Оставить комментарий

Ваш электронный адрес не будет опубликован.


*