Аянт толо күйөрман: Шевченконун Оштогу жолугушуусунан фото баян

Кечээ, 9-апрель күнү Ош шаарынын борбордук аянтында UFC аралаш күрөшү боюнча дүйнө чемпиону Валентина Шевченко күйөрмандары менен жолугушту.

Спортчу айымды күйөрмандары жылуу маанайда тосуп алышты. Аны көрүүгө аянтка жүздөгөн адам келди. Атайын концерттик программа уюштурулуп, Шевченко күйөрмандарына бийлеп берди.

Ал күйөрмандарынын кызыктырган он суроосуна жооп берип, эң кызыктууларына атайын алып келген белектерин тапшырды. Шевченконун күйөрмандары менен жолугушуусун төмөнкү фото баяндан көрүңүз.

 

Ош шаарынын борбордук аянтында Валентина Шевченконун жүздөгөн күйөрмандары спортчунун келишин күтүп турушат. 

Чемпион айым менен күйөрмандарына атайын уюштурулган концерттик программа 19:00гө белгиленген болчу. Бирок күйөрмандары бир саат мурун эле аянтка чогулушту. 

Шевченконун күйөрмандары концерттик программаны көрүп турган учуру. 

Спортчу айым келгенден кийин аянтка күйөрмандары толуп калышты. 

Күйөрмандары спортчуну колдоп, «Валентина, Валентина, Валентина»,- деп кайра-кайра алкашты. 

Валентина Шевченко жеңил салмакта утуп алган UFC уюмунун курун күйөрмандарына көрсөтүп, жеңишим Кыргызстан үчүн деди. Ал 2018-жылдын 9-декабрында таймаштын аралаш түрү боюнча дүйнө чемпиону болгон. 

Валентина Шевченко эң кызыктуу суроо берген кичинекей күйөрманына белек тапшырып жаткан учуру. 

Эскерте кетсек, Валентина Шевченко Кыргызстанга 7-апрель күнү учуп келген. Ал Бишкектеги күйөрмандары менен жолуккандан кийин Ош шаарына келди. Спортчуну Сооронбай Жээнбеков кабыл алып, «Даңк» медалы менен сыйлаган.

Автор Т-медиа 11883 статьи

Оставьте первый комментарий

Оставить комментарий

Ваш электронный адрес не будет опубликован.


*