«Ыйман» фондуна Самаган Мырзаибраимов жетекчи болду

Президенттин алдындагы “Ыйман” диний маданиятты өнүктүрүү фондунун жетекчиси болуп Самаган Мырзаибраимов дайындалды. Бул маалыматты ал өзү «Т-Медиага» тастыктады. 

Буга чейин Самаган Мырзаибраимов Ош мамлекеттик университетинин теология факультетинин деканы болуп иштеген. Ал саясий илимдеринин кандидаты жана теология илимдеринин доктору (PhD), доцент наамдарына ээ.

Президенттин алдындагы “Ыйман” диний маданиятты өнүктүрүү фондун Нуржигит Кадырбеков жетектеген. Ал быйыл КРнын маданият, маалымат жана туризм министринин орун басары болуп которулган.

«Ыйман» диний маданиятты өнүктүрүү фонду 2014-жылы январь айында түзүлгөн. Фонд жарандардын диний сабатын жогорулатып, конфессия аралык ынтымакты, дин жаатындагы сабырдуулукту чыңдоо, диний экстремизмге каршы күрөштү күчөтүү максатында иш алып барат.

Пайзидин уулу Ажибай
Автор Пайзидин уулу Ажибай 1501 статья

Пикир калтыруу

avatar
  Жазылуу  
Кабарлоо