«Тонировканын» мыйзамдаштырылышына кандай карайсыз? Сурамжылоо

Өкмөт автоунаалардын айнегин караңгылатууну мыйзамдаштырганды пландоодо. Бул тууралуу вице-премьер-министр Замирбек Аскаров Жогорку Кеңештин Бюджет жана финансы боюнча комитетинин жыйынында айтты.

«Бюджетке кошумча каражат түшүрүү үчүн «тонировка» боюнча депутаттардын сунушун эске алуу менен биз өкмөттө маселе көтөрдүк. Бир машинеге жылына 400-500 доллардын тегерегинде деп мыйзам долбоорун карап жатабыз. Мындан кошумча каражат түшөт», — деди Аскаров.

Эске салсак,  буга чейин“тонировканы” мыйзамдаштыруу боюнча 23-январда Жогорку Кеңештеги “Бир Бол” фракциясынын мүчөсү депутат Исхак Пирматов да демилге көтөрүп чыккан.

Сунушталган мыйзам долбоорго макулсузбу? «Т-Media Group» жүргүзгөн сурамжылоого катышып, пикириңизди калтырсаңыз болот.

Жакындарыңызга сунуштаганды унутпаңыз.

 

 

Автор Т-медиа 11147 статей

Оставьте первый комментарий

Оставить комментарий

Ваш электронный адрес не будет опубликован.


*