
Кыргызстандын «Дордой» командасы АФК кубогунун 2-тур оюнунда «Худжандга» 3:1 эсепте утулуп калды.
Бул «Дордой»-«Худжанд» командаларынын 1-беттеши. Андыктан жооптук оюн Дордойдун талаасында болмокчу.
Бул жолку беттеште алгачкы голду 1-бөлүктүн 16-мүнөтүндө Дордой оюнчусу Бекжан Сагынбаев киргизди. Бирок атаандаштардын жооптук голу көпкө күттүрбөй 1-бөлүк аягында Дильшот Восиев эсепти теңеп койду.
2-бөлүктө Дильшот Восиев дубль кылып эсепти 2:1 ге жеткирди.
Беттештин акыркы мүнөттөрүндө Азамат Байматов атаандаш команда оюнчусуна карата копол ойногонуна байланыштуу экинчи сары айып кагазы менен кошо кызыл айып кагазы көрсөтүлүп оюндан четтетилди.
Бул абал Дордой дарбазасына жакын жайда болгон үчүн калыс 11 метрдик пенальти белгиледи. Аны Худжанд командасынын оюнчусу Джахонгир Эргашев дарбазага таамай жолдоп 3-голду киргизүүгө жетишти. Оюндун кызыктуу учурларын көрүңүз.
Дордойдун кийинки беттеши 1-майда Истиклол командасынын талаасында конокто ойномокчу.
Оставьте первый комментарий