
Ош шаарында жаш парламентарийлер мектеби ачылды. Аталган мектеп саясатчы болгусу келген жаштарды лидерликке үйрөтөт.
Бул долбоор «Таиржан Турсуналиев атындагы Ынтымак медиа мектеби», «Жарандык Идеялар Фонду» жана Ош шаарынын Жаштар комитети тарабынан ишке ашып жатат. Парламентарийлер мектеби сынактын негизинде 35 жаш активисттерди кабыл алышкан.
Жаш парламентарийлер мектебинин негиздөөчүсү Назгүл Жолдошова. Ал аталган долбоор боюнча төмөндөгүлөрдү бөлүштү.
Бул долбоорду ошто ишке ашырып жатканыбыздын бирден бир себеби түштүк аймактагы көпчүлүк жаштар борборго келип катыша албагандыгында. Аларга бишкеке келип жашоо оор болгондуктан биз түштүкө ачууну туура көрдүк. Учурда эң активдүү делген 35 баланы кабыл алдык. Буюрса алардан үмүтүбүз чоң. Бишкек сыяктуу эле бул жерде да жылдан жылга улайбыз.»,-дедди Жолдошова
Жаш парламентарийлер мектебинин негизги максаты жогорку кеңеш менен тыгыз байланышта болуп алар кандайдыр бир мыйзам кабыл алууда өзүлөрүнүн көз караштарын айтууга мүмкүнчүлүк берүү.
Оставьте первый комментарий