
Өлкө башчы Сооронбай Жээнбеков Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев менен телефон аркылуу сүйлөштү.
Мамлекет башчылар телефон аркылуу кечээ, 29-апрелде сүйлөшүшкөн. Бул тууралуу Кыргызстандын президентинин маалымат кызматы кабарлады.
Өлкө башчылар эки тараптуу кыргыз-өзбек кызматташтык маселелерин талкуулашты жана буга чейин жетишилген макулдашуулар боюнча позицияларын такташты.
Ошондой эле алдыда боло турчу эл аралык көп тараптуу иш-чараларга катышуу маселелерин талкуулашты.
Кыргызстандын президенти Сооронбай Жээнбеков менен Өзбекстандын өлкө башчысы Шавкат Мирзиеёв былтыр жыл соңунда телефон аркылуу сүйлөшүп, өлкөлөр аралык кызматташтыкты талкуулаган эле.
Буга чейин Кыргызстандын президенти Орусиянын мамлекет башчысы Владимир Путин, Казакстандын экс-президенти Нурсултан Назарбаев жана Түркмөнстандын өлкө башчысы Гурбангулы Бердымухамедов менен телефон аркылуу байланышып, эки тараптуу кызматташтыкты талкуулаган.
Оставьте первый комментарий