Жээнин машинага байлап сүйрөгөн жаран үй камагына бошотулду

Бишкекте өзүнүн сегиз жашар жээнин машинага байлап, бир нече метрге сүйрөгөн деп шектелген жаран кармалды. Бул тууралуу kaktus.media басылмасы жазып чыкты. Маалыматка ылайык кийинчирээк шектүү жаран үй камагына коё берилген.

Окуя 27-апрель күнү Бишкектин чет жакасында болгонун Бишкек милициясынын басма сөз кызматы кабарлаган. Милиция кызматкерлери окуя болгон жерге барганда таякеси сегиз жашар жээнин машинага байлап, 20 метрге чейин сүйрөгөнүн аныкташкан.

Ал эми «Кактус» басылмасынын маалыматы боюнча, кармалган адам жээнин чоң апасынын үйүнөн акча уурдаган деп шектеп, «тарбиялоо максатында» аны өз автоунаасына байлап, бир нече метр сүйрөгөн.

Окуя Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине «Бейбаштык» беренеси боюнча катталган.

Учурда жеткинчек №3 балдар клиникалык ооруканасындагы нейрохирургия бөлүмүндө жатат. Милициянын маалыматына ылайык, баланын энеси Орусияга иштөөгө кеткен. Ал ушул тапта Кыргызстанга келе жатканы белгилүү.

Автор Т-медиа 12153 статьи

Оставьте первый комментарий

Оставить комментарий

Ваш электронный адрес не будет опубликован.


*