Боронов: шаар мэриялары начар иштеп жатат

Бул тууралуу биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов облусутардын жана 20 шаарлардын  социалдык-экономикалык өнүктүрүү программаларын талкуулоо боюнча жумушчу кеңешмеде билдирди. Анын айтымында аймактарды өнүктүрүү боюнча  жергиликтүү бийликтин аракети чабал.

«-Учурда өкмөт тарабынан бекитилген 2018-2022-жылдар мезгилине региондук саясатынын концепциясы ишке ашырылууда. Мындан тышкары өкмөтүнүн «Биримдик. Ишеним. Жаратмандык» программасын ишке ашыруу боюнча иш-чаралар планынын алкагында бардык мамлекеттик жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары аймактарда ишкерликти өнүктүрүү, бизнес үчүн ыңгайлуу шарттарды жана жаңы жумуш орундарын түзүү боюнча активдүү иштерди жүргүзүүгө тийиш. Каралган иш-чаралардан тышкары, шаарларды өнүктүрүүнүн бекитилген программаларын сапаттуу ишке ашырууну шарттаган кошумча чараларды көрүү зарыл», – деп белгиледи Боронов.

Ал министрлик жана ведомвстволордун жетекчилерин өсүү чекити-пилоттук шаарларды өнүктүрүүдө тармактык иш-чаралардын, тактап айтканда, жолдордун курулушу, энергетиканы өнүктүрүү, билим берүү, саламаттык сактоо жана туризм маселелеринин тыгыз байланышына көңүл бурууга чакырды.

Кеңешмеде  Кубатбек Боронов өсүү чекити-шаарларын өнүктүрүү боюнча тапшырмаларды жүзөгө ашыруунун начардыгын белгиледи.

Муну эске алуу менен ар бир шаардын мэрине кыска мөөнөттүн ичинде аймакты өнүктүрүү жана инвестицияларды тартуу боюнча бир жана беш жылдык планды иштеп чыгуу, өсүү чекити-шаарларын активдүү өнүктүрүүгө тоскоол болгон кемчилдиктерди четтетүү тапшырылды.

Автор Т-медиа 11406 статей

Оставьте первый комментарий

Оставить комментарий

Ваш электронный адрес не будет опубликован.


*