Депутат: Кытайдын газ түтүгү Чоң-Алайлыктарды нааразы кылууда

Бул тууралуу  2-май күнү Жогорку Кеӊештин жыйынында депутат Чыныбай Турсунбеков  билдирди. Анын айтымында Ош облусунун Чоӊ-Алай районунун аймагы аркылуу өтө турган кытайдын газ түтүгү боюнча төлөмү жергиликтүү тургундарды канаатандырбайт.

«-Газ түтүгүн алып өтүү үчүн ижарага жер берилип жатат. Эксперттердин айтымында, газ түтүгү 3 жылдын ичинде эле толук актайт. Кытай тарап андан жылына 600 млн доллар өлчөмүндө пайда көрөт. Ал эми ижарага жерин берген кыргыз тарап 30-50 млн доллар киреше алат экен. Мындай нерсе, албетте, калк арасында нааразычылык жаратпай койбойт,-деди Турсунбеков.

Депутаттын пикиринде өкмөт келишим түзөрдөн мурун, анын оош-кыйыш жагын кылдат иликтеп чыгып,  бир чечимге келиши керек. Кыргызстан үчүн бул долбоордо пайда аз болсо, анда келишимди бузуп койсо болорун кошумчалады.

Эске салсак,  Кыргызстандын аймагы аркылуу өтүүчү газ түтүгүнүн жалпы узундугу болжол менен 215 чакырымга созулат жана жылына 30 млрд. куб метр газ өтүп турат. Аны Кытайдын «SINO-Pipeline International Company Limited» компаниясы курат.

Сүрөт: Азаттык. Газ куурунун болжолдуу линиясы

Автор Т-медиа 11406 статей

Оставьте первый комментарий

Оставить комментарий

Ваш электронный адрес не будет опубликован.


*