Ошто баңгизаттарды жасоочу каражаттардын ири партиясы кармалды

Ош облусунун аймагында  коңшу өлкөлөргө ташылып бара жаткан «Дэу-Нексия» маркасындагы авто унаадан баңгизаттарды өндүрүү үчүн ташылган прекурсорлордун ири партиясы кармалды. Бул тууралуу улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин маалымат кызматы кабарлады.

УКМКнын билдиришинче, маңзат жасоочу каражаттар контрабандалык жол менен коңшу мамлекеттердин бирине алынып бара жаткан. Шектүүнүн авто унаасынан 100 литрден ашуун уксус кычкылынын ангидриди жана 10-13 литр өлчөмүндөгү 8 даана желим челектер табылган.

Аткезчиликке шектелип Ош облусунун 25 жаштагы «Э.у.Р. аттуу тургуну  жана коңшу мамлекеттердин биринин 36 жаштагы жараны «Н.А.» кармалган.

Бул факт кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, сотко чейинки өндүрүштүк иштер башталган. Кармалган жарандар убактылуу кармоочу жайга киргизилген.

Учурда бул боюнча ар тараптуу иликтөө иштери жүрүүдө.

Автор Т-медиа 11406 статей

Оставьте первый комментарий

Оставить комментарий

Ваш электронный адрес не будет опубликован.


*