
Жалал-Абад облустук ооруканасынан билдиришкендей, мунайды кайра иштетүүчү ишканадагы өрттү өчүрүү учурунда эки кызматкер жабыркаган.
Сузак районунун 24 жаштагы тургунун денесинин 50%ы күйгөн. Ал облустук клиникалык оорукананын жандандыруу бөлүмүнө түшкөн. Дарыгерлер азыр анын абалы оор экенин кабарлады . Экинчи өрт өчүрүүчүнүн бети күйгөн.
Учурда өрт чыккан жерде эки тез жардам жана бир реаномобиль кызматынын автоунаасы күзөттө турат.
Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз катчысы Элмира Шерипованын айтымында, өрттү өчүрүү үчүн 350 литр көбүк колдонулган.
Азырынча өрттүн эмнеден улам тутанганы аныктала элек.
Жалал-Абад шаарынын Көк-Арт кичи районундагы мунайды кайра иштетүүчү ишкана өрттөнүп жатканы тууралуу кабар бүгүн, саат 10:00 чамасында келип түшкөн.
Оставьте первый комментарий