Жалал-Абадда нефти база өрттөнүп жатат

Жалал-Абад шаарындагы Шерматов көчөсүндө жайгашкан нефти базадан өрт чыкты. Бул тууралуу өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалымат кызматы кабарлады.

Маалыматка ылайык, өрт тууралуу маалымат бүгүн, 10-майда болжол менен саат 10:00 чамасында түшкөн. Өрттү өчүрүүгө жалпы 3 бөлүм тартылып, өрт 10:15тер чамасында чектөөгө алынган.

Күбөлөрдүн айтымында, өрттөнүп жаткан нефти база үч жолу жарылган. ӨКМ учурда тактоо иштерин жүргүзүүдө.                                                              «Томас» нефти базасы экс-депутат Камчыбек Ташиевге таандык экени айтылууда. Азырынча тилсиз жоонун келип чыгуу себептери аныктала элек.

Автор Т-медиа 12149 статей

Оставьте первый комментарий

Оставить комментарий

Ваш электронный адрес не будет опубликован.


*