Көп балалуу энелер „Баатыр эне“ ордени жана „Эне даңкы“ медалы менен сыйланат

Кыргызстанда 1500дөн ашуун көп балалуу энелер „Баатыр эне“ ордени жана „Эне даңкы“ медалы менен сыйланат. Тиешелүү жарлыкка президент Сооронбай Жээнбеков кол койду.

Жарлыкка ылайык, жети жана андан көп баланы толук кандуу тарбиялаган 1135 эне «Баатыр эне» ордени, алты баланы толук кандуу тарбиялаган 470 эне — «Эне даңкы» медалы менен сыйланат.

Жарлыктар кол коюлган күндөн тартып күчүнө кирет.

Кыргызстанда май айынын үчүнчү жекшембисинде Энелер күнү белгиленет. Былтыр 17-майда президенттин жарлыгы менен 1354 аял “Баатыр эне” ордени, алты баланы толук тарбиялаган 454 аял “Эне даңкы” медалы менен сыйланган.

Автор Т-медиа 11933 статьи

Оставьте первый комментарий

Оставить комментарий

Ваш электронный адрес не будет опубликован.


*