
Ош шаарында жашыруун ишмердүүлүк жүргүзгөн кумарканалар боюнча материал даярдап жаткан «Азаттык» менен Нур ТВнын кабарчылары ур-тепкиге кабылышты.
Түз эфирден кумаркана бар делген жайдын күзөтчүлөрү кабарчынын колдорун кайрып, тепкилеп жатканын көрүүгө болот. Ур-тепкиден журналисттин үстүндөгү кийими (кастюму) жыртылып да кеткен.
Белгилей кетсек, «Чек арасыз кабарчылар” (Reporters Sans Frontières – RSF) уюму жарыялаган жылдык баяндамада Кыргызстан сөз эркиндиги боюнча тизмеде 98-орунга түшкөн.
«Т-Media Group» соңку учурдагы журналисттерге карата басым жана кол салуудан соң коомчулукта сурамжылоо жүргүзөт. Сурамжылоого катышып, пикириңизди билдириңиз.
Оставьте первый комментарий