Кыргызстанда кумарканалар иштеп жатабы же иштебейби? Сурамжылоо

Кыргызстанда 2012-жылдын 1-январынан тартып казино жана башка кумар оюндарына тыюу салынган. 2015-жылдын 29-апрелинен тартып букмекер кеңселеринин, тотализаторлордун ишмердүүлүгү токтотулган.

Тыюу салынганына карабай, кумар оюндары интернет аркылуу ойнолуп жатканын Жогорку Кеңештин депутаттары айтып келишет.

Бирок тыюуларга карабастан, жашыруун кумарканаларды иштеткендер бар. Бүгүн, 13-апрелде Ош шаарында журналисттер «Делюкс» мейманканасынын капталында жайгашкан, аты жок кумаркананы тартууга барган. Камерага тарткан учурда журналисттерге кол салынып, кийин милициянын ал жерге тергөө тобу барган. Учурда шектүү делген кумаркананы текшерүү иштери аягына чыга элек.

 

Автор Т-медиа 11933 статьи

Оставьте первый комментарий

Оставить комментарий

Ваш электронный адрес не будет опубликован.


*