
Былтыр Ош шаарында көмүскө кумарканаларды уюштурууга шектүү катары 8 жай аныкталган. Бул тууралуу шаардык ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы кабарлады.
Алардын арасында жашыруун кумаркана жайы бар деп бүгүн, 13-майда журналисттер иликтеп чыккан «Де люкс» мейманканасы дагы болгон. Аталган жай боюнча буга чейин эки ирет «Жашыруун кумарканаларды уюштуруу» боюнча аатайын иликтөө иши жүргүзүлгөн» деп берилет маалыматта.
«Көмүскө кумарканаларды уюштурууга шектүү катары аныкталган жайлардын баарына атайын экспертиза «кумар ойноочу жай эмес» деген мазмундагы жыйынтык чыгарып берген. Андан соӊ, бул мекемелердин айрымдары көзөмөл органдарына «милиция кызматкерлери жеке ишкерлерге тоскоол болуп жатышат» деп арыз жазышкан. Бул багытта аталган жайларды текшерүүгө алган кызматкерлердин үстүнөн дагы текшерүүлөр болуп жатат«-деди Ош ШИИБнын басма сөз кызматкери Замир Сыдыков.
Быйыл да«Де люкс» мекемесинин үстүнөн жазык кодексинин 212-беренесинин талаптарына ылайык иликтөө иштери жүргүзүлгөн.
«Бүгүнкү окуялар боюнча дагы тиешелүү маалыматтар топтолуп, иликтөөлөр башталган. Андан сырткары журналисттердин милдетин аткаруусуна тоскоол болуп, күч колдонгондугу боюнча дагы өз алдынча иликтенмекчи. Журналисттер арыз менен кайрылыша элек. Бирок, массалык маалымат каражаттарына жарык көргөн материалдардын негизинде иликтөө улантылууда«-деди Сыдыков.
Учурда журналисттерге карата мыйзамсыз аракеттерди жасагандыгына шектүү катары аталган «Де люкс» жайынын эки кызматкери Ош шаардык ички иштер башкармалыгына алынып келинген. Алар окуя боюнча тергөөгө маалымат беришүүдө.
Милиция атайын экспертизанын жыйынтыктарына, соттун чечимдерине комментарий бере албайт.
«Zамаn kg» маалымат агентигинде жарык көргөн «Де люкс» кумарканасынын эки кызматкери убактылуу кармоочу жайга киргизилди» деген маалымат туура эмес дейт Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы.
Оставьте первый комментарий