Райымбек Матраимов Атамбаевге кайрылуу жасады. Видео

Бажы кызматынын мурдагы төрага орун басары Райымбек Матраимов экс-президент Алмазбек Атамбаевге видео кайрылуу жолдоду. Ал экс-президенттен өзүн ыксыз каралоону токтотууну талап кылды жана токтотпосо ага каршы саясат жүргүзө турганын эскертти.

Райымбек Матраимовдун видео кайрылуусу 7 мүнөт. Ал А.Атамбаевди 2019-жылдын 1-май күнү Кара-Суунун Жоош айыл өкмөтүндө уюушулган спорттук иш чараны саясатташтырды деп айыптаган. Ал иш чара Атамбаевдин президенттик убагында да жыл сайын өтүп келатканын, ал убакта өзү келе албай, ордуна премьер министрди жибергенин айтты.

Ошондой эле, азыркы президент С.Жээнбеков менен тескери мамилесине аны аралаштырбоону талап кылды. Жөнү жок каралоону токтопосо ага каршы саясат жүргүзүүгө маалыматтык жана каржылык мүмкүнчүлүгү жетээрин билдирди.

Буга чейин бир да көрүнбөгөн, журналисттерге маек берүүдөн баш тартып келген Райымбек Матраимовду коомчулук биринчи жолу көрдү.

Автор Т-медиа 11883 статьи

Оставьте первый комментарий

Оставить комментарий

Ваш электронный адрес не будет опубликован.


*