Ошто мектеп окуучуларына жол акы көтөрүлдү

Ош мэриясынын мектеп окуучуларынын жол акысын 5 сомго көтөрүү боюнча  сунушу колдоо тапты. Тиешелүү чечимди шаардык Кеңеш бүгүнкү кезектеги сессиясында  кабыл алды. 

Окуучулардын жол акысын 5 сомго көтөрүү боюнча даярдалган сунушка сессияга катышкан 34 депутаттын 23чү макул деп добуш берген. Эми ал токтом чыккан күндөн тартып күчүнө кирет.

Быйыл февралда Ош шаардык Кеңеши окуучулардын жол акысын көтөрүү боюнча сунушту колдоп беришкен эмес. Жаңы тариф колдоо таппагандыгына байланыштуу маселе кайрадан каралмай болгон.

Былтыр Ош мэриясы мектеп окуучуларынын жол акысын 5 сомго көтөрүү боюнча сунуш даярдаган. Калаа бийлиги бул кадам аркылуу айдоочулардын нааразычылыгына чекит коюп, окуучулардын коомдук транспортко жеткиликтүүлүгүн чечүүнү максаттаган.

Бүгүнкү күнгө чейин Ош шаарында мектеп окуучуларынын жол акысы 1 сом болуп келген. Коомдук транспорт айдоочулары окуучулардын жол акысын 5 сомго көтөрүү маселесин көп жылдан бери көтөрүп келе жатышкан болчу.

«Ал эми мэрияга караган муниципалдык автобус, троллейбустар окуучулардан 3 сомдон эле алышат. Бул да 2020-жылдан башталат. Быйыл 1 сомдон эле алынат. Жеке маршруткалардын 5 сомдон акы ала турганын депутаттар колдошту«-дейт Ош мэриясынын маалымат кызматынын жетекчиси Азамат Абсаттаров.

Окуучулардын жол акысынын көтөрүлүүсүн сунуштаган жана ага нааразы тараптарды чогултуп TMG телеканалы «Ачык Талкуу» ток шоусун уюштурган болчу. Эфирди төмөнкү ссылка аркылуу кирип көрө аласыздыр.

Автор Т-медиа 11161 статья

Оставьте первый комментарий

Оставить комментарий

Ваш электронный адрес не будет опубликован.


*