«Eurovision-2019» ыр сынагында нидерланд ырчысы жеңди

Израилде эл аралык «Eurovision-2019» ыр таймашынын сынагында нидерланд ырчысы Дункан Лоуренс жеңишке жетти. Ал сүйүү жана жоготуу жөнүндөгү «Аrcade» ырын аткарып, жалпысынан 492 упайга ээ болду.

Экинчи орунду алган италиялык ырчы Алессандро Махмуд 465 упайга, үчүнчү орун алган орусиялык ырчы Сергей Лазарев 369 упайга ээ болушту.

«Евровидение-2019» сынагынын финалына жылдыз ырчы катары чакырылган Мадонна рэпер Quavo менен биргеликте Future деген жаңы чыгармасын аткарды. Мындан тышкары ал 1989-жылы жазылган Like A Prayer аттуу хитке айланган ырын ырдап берди.

«Евровидение-2019» сынактын 64 жылдык тарыхындагы эң карама-каршылыктуусу болгону айтылууда. Би-Би-Синин маалыматына караганда, талаш-татыш былтыр Лиссабондо эле башталган. Анда жеңишке жеткен израиль ырчысы Нета Барзилай «Евровидение-2019» Израилде гана эмес, Иерусалимде өтө турганын билдирген. Дал ошол күнү АКШ Тель-Авивдеги элчилигин Иерусалимге көчүргөн эле.

Эске салсак, Европа телерадиоберүү бирикмеси түптөгөн бул шоу 1956-жылдан бери жыл сайын уюштурулат жана кайсы мамлекеттин өкүлү жеңсе, ыр жарыш кийинки жылы ошол өлкөдө болот. Былтыр Португалиядагы сынакта израилдик Нетта уткан.

 

Автор Т-медиа 11406 статей

Оставьте первый комментарий

Оставить комментарий

Ваш электронный адрес не будет опубликован.


*