Кулматов менен Ибраимов абакта калды

Бүгүн, 20-майда Бишкек шаардык соту  мурдагы мэрлер Кубанычбек Кулматов жана Албек Ибраимовдун ишин кароону улантты.

Мурдагы эки аткаминер мүчө болгон Кыргызстан социал-демократиялык партиясы (КСДП) билдиргендей, жараянда адвокаттар алардын бөгөт чарасын өзгөртүп, үй камагына чыгаруу жана кылмыш иштерин бөлүү тууралуу өтүнүч келтиришти. Сот бул өтүнүчтөрдү четке кагып, экөө тең абакта калды.

Эске салсак, мамлекеттик бажы кызматынын мурдагы жетекчиси Кубанычбек Кулматов Кылмыш-жаза кодексинин 303-беренесинин 1-бөлүгүнүн («Коррупция») негизинде айыпталып, мамлекетке 94 миллион сомдон ашык зыян келтирген деп күнөөлөнгөн.

Ошондой эле аталган кылмыш иши боюнча мурдагы мэр Албек Ибраимовго «Дастан» ишканасын жетектеп турганда 270 миң доллар өлчөмүндө мыйзамсыз сый акы алган, Ысык-Көлдөгү «Күнөстүү жээк» пансионатын сатууда мамлекетке 152 миллион сомдук зыян келтирген жана Бишкектин түштүгүндөгү беш гектар жерди мыйзамсыз бөлүп берүүгө тиешеси бар» деген айыптар коюлган.

Эск-мэрлердин адвокаттары тергөө абагында кармалышы мыйзамсыз деген негизде аларды үй камагына бошотууну суранып келишет.

Автор Т-медиа 11406 статей

Оставьте первый комментарий

Оставить комментарий

Ваш электронный адрес не будет опубликован.


*