Кыргызстанга казак тышкы иштер министри келди

Президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 20-майда Казакстандын тышкы иштер министри Бейбут Атамкуловду кабыл алды. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы кабарлады. 

Жолугушууда учурдагы абал жана эки өлкөнүн кызматташтыгынын келечеги тууралуу маселелер талкууланды. Мамлекет башчысы Кыргызстандын тышкы саясатында Казакстан негизги өнөктөштөрдүн бири экенин жана Кыргызстан мындан ары да ар тараптуу кызматташтыкты тереңдетүүгө кызыкдар экендигин белгиледи.

«-Бүгүнкү күндө Кыргызстан менен Казакстандын ортосунда эки тараптуу гана эмес, көп тараптуу кызматташтык ийгиликтүү өнүгүп жатат. Биз Казакстан менен стратегиялык өнөктөштүктү, достукту, биримдикти жана коңшулук мамилени жогору баалайбыз», — деп белгиледи Сооронбай Жээнбеков.

Президент ошондой эле өлкөлөр ортосунда соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык кызматташтыктын динамикалуу түрдө өнүгүп жатканын белгиледи.

Казакстандын тышкы иштер министри Бейбут Атамкулов да кыргыз-казак карым-катнашындагы жагымдуу динамиканы белгилей кетти. Анын айтымында, Кыргызстандын тышкы иштер министри Чыңгыз Айдарбеков менен жылуу жана достук мамиле түзүлүп, тыгыз жана жемиштүү иштөөгө өбөлгө түзүлгөн.

«-Биздин эл ар дайым жакшы кошуна болуп, достук мамиледе жашап келген, ортобузда чек ара болгон эмес», — деп белгиледи ал.

Бейбут Атамкулов мындай мамиле маселелерди ашыкча бюрократиясыз, ыкчам чечүүгө мүмкүндүк берерин кошумчалады.

Автор Т-медиа 11406 статей

Оставьте первый комментарий

Оставить комментарий

Ваш электронный адрес не будет опубликован.


*