Нарында аскер кызматкери пара менен кармалды

Нарын облусунун Ат-Башы райондук аскер комиссариатынын бөлүм башчысы отуз миң пара алып жаткан жеринен кармалды. 

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин маалымат кызматынан кабарлагандай, Ж. у. Н пара алып жаткан жеринен кармалган. Ал Ат-Башы райондук аскер комиссариатынын бөлүмүнө жумушка орнотуу үчүн 70 миң сом өлчөмүндө акча каражатын талап кылгандыгы аныкталган. 

Кармоо учурунда 30 миң сом акча каражаты анын өздүк автоунасынан табылып алынган.

Бул факты кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, кылмыш белгилери боюнча сотко чейинки териштирүү башталган.

Кармалган кызматкер учурда Нарын шаарындагы тергөө камак жайына киргизилен. Учурда тергөө амалдары жүрүп жатат.

Автор Т-медиа 11406 статей

Оставьте первый комментарий

Оставить комментарий

Ваш электронный адрес не будет опубликован.


*