
Ош шаарына ичүүчү суу бүгүн кечки саат 18:00го чейин коё берилет. Бул тууралуу «Т-Медиага» Ош шаардык суу чарба башкармалыгынын башчысынын орун басары Талантбек Байкишиев билдирди.
Анын айтымында, ылайкаланган суу кечки саат 17:00 же 18:00го чейин тунуп калышы күтүлүүдө.
Ушул тапта таза суу Ош шаарынын Юго-Восток, ХБК, Туран, Резиденция кичи райондорунан жана Достук, Калинин массивтеринен башка аймактарында убактылуу токтотулган.
Таза сууну аймактарга жеткируу учун торт водовоз даяр турат, 105, 0553 200 105, 0225 105 105, 4-25-05, 0557 00-62-11 телефондору аркылуу заявка кабыл алынат.
Эскерте кетсек, 19-майда нөшөрлөп жааган жамгырдын кесепетинен Папан суу сактагычына жакын жерден чон сел түшүп, Ак-Буура дарыясы ылайкаланып, натыйжада Ош шаарынын айрым аймактарына таза суу берүү токтотулду.
Оставьте первый комментарий