Тажикстан: түрмөдө тополоң чыгып, 32 киши каза тапты

Душанбеге жакын жайгашкан Вахдат шаарындагы колонияда 19-май күнү кечки саат 20:30дар чамасында тополоң чыгып, 32 киши каза тапты. Бул тууралуу «Ховар» агенттиги Жазаларды аткаруу башкармалыгына таянуу менен жазып чыкты. 

Маалыматка караганда, каза тапкандардын 29у абакта кармалгандар, калган үчөө түрмө кызматкерлери болгон. Тополоңдун уюштуруучулары Ислам мамлекети» террористик уюмунун мүчөлөрү болгон.

«Түрмөдө отургандардын ичинен бычак менен куралданган 30га чукул адам колониянын үч кызматкерин барымтага алып, андан кийин өлтүрүп салышкан. Штраф изоляторунан өтө коркунучтуу делген 8 кылмышкерди бошотуп, абакта отурган беш кишини башкалардын көзүнчө мууздап, ондогон кишини жарадар кылган. Тополоңду токтотуу боюнча күч органдарынын операциясында абактагы 24 киши жок кылынып, 35 адам камакка алынган. Барымтадагылар бошотулган«,-деп айтылат маалыматта.

Аталган абакта 1500 кылмышкер камалып тургандыгы айтылган. Бул факты боюнча Тажикстандын Башкы прокуратурасы кылмыш ишин козгоду.

Автор Т-медиа 11406 статей

Оставьте первый комментарий

Оставить комментарий

Ваш электронный адрес не будет опубликован.


*