УКМКнын кызматкери пара алып жаткан жеринен кармалды

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин кызматкери 50 миң сом пара алып жаткан жеринен кармалды. Бул тууралуу аталган мекеменин маалымат кызматы кабарлады. 

Маалыматка ылайык, 17-майда кармалган жаран УКМКнын Н.А аттуу кызматкери болгон. Ал текшерүү ишин токтотуу үчүн 350 мин сом пара талап кылгандыгы аныкталган.

Бул факт боюнча материалдар кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталды. Учурда кармалган жаран Бишкек комендатурасынын гарнизинондук гауптвахтасына киргизилип,  тергөө амалдары жүрүп жатат.

Автор Т-медиа 11406 статей

Оставьте первый комментарий

Оставить комментарий

Ваш электронный адрес не будет опубликован.


*