
Президент Сооронбай Жээнбеков кол койгон жарлыкка ылайык, Нурбек Мурашевдин отставкасы кабыл алынып, ал айыл чарба, тамак-аш, өнөр жайы жана мелиорация министринин кызматынан бошотулду.
Бул тууралуу президенттин расмий сайтында жарыяланды. Маалыматта мамлекет башчы бүгүн, 27-майда кол койгон жарлыктын негизинде экономика министри Олег Панкратовдун да отставкасы кабыл алынып, кызматтан четтегени да жазылган.
Ишкердик уюмдар «эң начар министр» деп атап, «кара көлөш» антисыйлыгына татыган Олег Панкратов 24-майда кызматтан кетүү тууралуу арызын жазган. Ал экономика министри болуп 2018-жылдан бери иштеп келген.
Нурбек Мурашев өткөн аптанын башында начар иштеп жаткан министр катары ишкерлердин төмөн баасына татыган. Жыйынтыгында ага «кара көлөч» антисыйлыгы ыйгарылган.
Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев былтыркыдай картошка окуясы кайталанбашы керек деген эскертүүсүнөн бир күн өтпөй 24-майда Нурбек Мурашев отставкага кетүү тууралуу арызын жазган.
Эске салсак, былтыр министрлик дыйкандарга коңшу өлкө менен келишим түзүлгөнүн айтып, картошка эгүүнү сунуштаган. Бирок кийин тонналаган картошка жарытылуу баага өтпөй, дыйкандар чыгымга учураган болчу.
Оставьте первый комментарий