Ош облусунда кайрадан жер титиреди

Ош облусунун аймагында очогунда күчү 3,5 баллга жеткен жер титирөө катталды. Бул тууралуу өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалымат кызматы кабарлады.

Кыргызстандын сейсмология институтунун маалыматына ылайык, жер титирөө 27-майга караган түнү болжол менен түнкү саат 00:33тө катталган.

Жер титирөө Алай районунун Нура, Икизяк айылдарында 3 баллга чейин, Кара-Киндик, Бор-Дөбө айылдарында 2,5 баллга чейин сезилген. Жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган эмес.

Эскерте кетсек, 26-майда да Ош облусунун аймагында күчү 3 баллга жеткен жер титирөө катталган болчу.

Автор Т-медиа 11931 статья

Оставьте первый комментарий

Оставить комментарий

Ваш электронный адрес не будет опубликован.


*