
Ош шаарында 25-майда өткөн акыркы коңгуроо салтанаттары тынч өттү. Бул тууралуу ош шаардык ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы кабарлады.
«-Бул күндөрү келечек ээлеринин коопсуздугу үчүн милиция, билим берүү кызматкерлери мүмкүнчүлүгүнүн болушунча кызмат кылышты. Мугалимдер, журналисттер, милиционерлер жана ата-энелердин биргелешкен иш аракетинен улам акыркы коӊгуроо салтанаттарын жакшы өткөрүп алдык. Буюрса, биздин бүтүрүүчүлөрүбүз аттестаттарын колго алып, мектеп уясынан учуп кеткиче ушундай тартипте иш алып барылат,-» деп билдирет Ош милициясы.
Эске салсак 24-май күнү Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын өздүк курамы мектептерге бөлүнүшкөн. Ар бир кичи райондорго жоопту катары башкармалыктын жетекчилик курамындагы кызматкерлер бекитилген. Алар салтанат учурларында, андан кийинки да абалга көз салынып тууралуу айтылган.
Оставьте первый комментарий