
Бул тууралуу президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 27-майда Жогорку Кеңештин Төрагасы Дастанбек Жумабеков, премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев жана Жогорку соттун төрайымы Гүлбара Калиеваны кабыл алган учурунда айтты.
Мамлекет башчысы мыйзам чыгаруу, аткаруу жана сот бийлик бутактарынын жетекчилерине өлкө экономикасын өнүктүрүү, жарандардын бакубатчылыгын жогорулатуу боюнча стратегиялык милдеттерди ишке ашыруу боюнча биргелешип иштөөгө чакырды. Президент актуалдуу маселелердин бири катары сот-укуктук реформаны жүргүзүүнү атады.
Президент Сооронбай Жээнбеков Өлкөнү туруктуу өнүктүрүүнүн Улуттук стратегиясынын алкагындагы милдеттерди, анын ичинде аймактарды өнүктүрүү жана өлкөнү санариптештирүү программаларын ийгиликтүү ишке ашыруу зарылдыгын өзгөчө баса белгиледи.
Мамлекет башчысы ошондой эле экономика, сот-укуктук чөйрөлөрүндө, шайлоо системасындагы реформаларга тийиштүү мыйзам долбоорлорун дыкат кароонун жана кабыл алуунун маанилүү экенин белгиледи.
Оставьте первый комментарий