
Европанын эң мыкты футбол командасы бүгүн, 1-июнда аныкталат. Чемпиондор лигасынын финалында Англиянын “Тоттенхэм” менен “Ливерпуль” командалары ойнойт.
Мадриддеги «Ванда Метрополитано» стадионунда өтчү Чемпиондор лигасынын финалдык беттешин бүт дүйнө эли чыдамсыздык менен күтүп жатат. Анда эмесе биз дагы сиздер менен кошо бул беттешти жөн күтпөстөн, сиздер үчүн байгелүү оюн сунуштайбыз.
Ал учун фейсбуктагы, инстаграммдагы жана одноклассниктеги баракчаларыбызга кирип, өзүңүздүн добушуңузду берүү менен биргеликте кызыктуу комментарий калтырсаңыз болот. Чемпиондор Лигасынын кезектеги женүүчүсүн туура таап, кызыктуу коментарий калтырсаңыз, сизди белек күтүп турат.
Эми болсо кичине маалымат:
Командалардын оюнуна ассистент-Юра Прапротник менен Роберт Вукан;
Резервдик судья-Испаниялык Антонио Матео Лаос;
Видеоассистент — Даниялык Маккели менен Голландиялык Пол Ван жана Германиялык Феликс Цвайер, Марк Боршдор дайындалышты.
Сиз кайсыл футбол клубунун күйөрманысыз? Төмөнкү сурамжылоого кирип, командаңызга добуш бериңиз.
Оставьте первый комментарий