Араван: чек ара чыры боюнча сүйлөшүүлөр башталды

Бүгүн, 31-майдын таңында Ош облусунун Араван районуна караштуу Тогуз-Булак айылындагы кыргыз-өзбек чек арасында ок атылып, натыйжада Өзбекстандын бир жараны жаракат алды. Бул тууралуу Кыргызстандын мамлекеттик чек ара кызматы кабарлады. 

Чек ара кызматынын алдын ала маалыматы боюнча, Кыргызстандын аскерлери чек арага жакын жерден Өзбекстандын эки автомашина келе жатканын байкашкан. Аларды токтотуу аракетинен майнап чыкпай, эскертүү иретинде асманга ок чыгарышкан.

«Эскертүүгө карабай автоунаалар андан ары жолун улап бара жатканда, Кыргызстандын чек ара кезмети тарабынан автоунаанын дөнгөлөгүнө карай ок чыгарууга аргасыз болушкан. Жыйынтыгында Өзбекстандын бир жараны жаракат  алат. Ал Андижандын Мархамат райондук оруканасына жеткирилген«,-деди чек ара кызматынын маалымат катчысы Асилбек Ажиев.

Маалыматка караганда, орун алган жаңжал боюнча Кыргызстандын чек ара кызматынын төрагасы Өзбекстандын чек ара кызматтарынын жетекчилери телефон аркылуу сүйлөшүп, жеринен иликтөөгө өкүлдөрдү жөнөтмөй болушту.

Учурда орун алган жаңжалды териштирүү үчүн Кыргызстандын Ош облусу боюнча чек ара өкүлү жана Өзбекстандын Булак-Башы багыты боюнча чек ара өкүлдөрү менен жолугушуу жүрүп жатат.

Автор Т-медиа 11166 статей

Оставьте первый комментарий

Оставить комментарий

Ваш электронный адрес не будет опубликован.


*