Блогердин иши боюнча 4 милиция кызматкери иштен алынды

Өзүн блогермин деп тааныштырган Бауржан Кадырбековтун иши боюнча бир катар милиция кызматкери жазага тартылды.

Бул тууралуу Ош облустук ички иштер башкармалыгынын маалымат катчысы Жеңиш Аширбаев маалымат таратты.

Маалыматка ылайык, Өзгөн РИИБнын 4 кызматкери иштен алынган жана дагы 6 кызматкерге сөгүш берилген. Жеңиш Аширбаев алардын иштен алынышы жана сөгүш берилишинин себебин төмөнкүчө түшундүрдү.

«Блогер Бауржан Кадырбековдун иши боюнча төрт милиция кызматкери ээлеген кызматынан бошотулду. Алар кызмат учурунда милиция кызматкерлеринин атына шек келтирип, кызматтык этикага туура келбеген аракеттерди жасашкан. Ошондой эле ишине шалаакы мамиле жасагандыгы үчүн ушундай чечим кабыл алынды», — деди Аширбаев.

Ал кошумчалагандай, Бауржан Кадырбековдун апасы УКМКнын Ош шаардык жана облустук башкармалыгына милиция кызматкерлеринин үстүнөн каршы арыз жазган. Ал уулу Бауржанды Өзгөн райондук ички иштер бөлүмүнүн кызматкерлери  сабаганын билдирген. Учурда тергөө иштери башталды.

Эске салсак, блогер Өзгөн шаарында жайгашкан дүкөн ээлеринен акча талап кылган деп Жазык кодексинин 203-беренеси (опузалап акча талап кылуу) боюнча айыпталган. Өзгөн райондук соту блогердин баш коргоо чарасын тандап, бир айга камаган эле. Кийинчерээк ал Өзгөн райондук милициясынын убактылуу кармоочу жайынан Ош шаарындагы №25 тергөө абагына которулган. Ал эми 18-майда кайра бошотулган.

 

 

Т-медиа
Автор Т-медиа 6344 статьи

Пикир калтыруу

avatar
  Жазылуу  
Кабарлоо