Эсеп палатасы: «КТ Мобайл» Рысалиевдин уулуна дээрлик 1 млн сом төлөп берген

2019-жылдын январынан апрель айына чейин «КТ Мобайл» ЖЧКсынын директордун орун басары Иманкадыр уулу Эрназарга факты жүзүндө 972,1 миң сом төлөп берген. Бул тууралуу компаниянын ишмердүүлүгүн иликтөө боюнча эсеп палатасынын отчетунда жазылган.

«КТ Мобайл» ЖЧКсынын штаттык жүгүртмөсү боюнча директордун орун басары Иманкадыр уулу Эрназарга 194 410 сом суммасындагы кызматтык маяна белгиленген. Аталган суммага аны менен ушул жылдын 8-январынан 31-декабрына чейинки мөөнөттө эмгек келишими түзүлгөн.

«2019-жылдын январынан апрелине чейин ага факты жүзүндө 972,1 миң сом төлөп берген. Анын ичинен, 2019-жылдын 1-кварталына карата сый акы 194,4 миң сом, кармоолордон кийин 787,6 миң сом төлөнгөн», -деп айтылат отчетто.

Эске салсак, буга чейин «КТ Мобайл» ЖЧКда эң жогору маяна 157 миң сом Эрназар Иманкадыр уулунуку деп айтылып келген. Ал эми башкы директор Нурбек Мукамбетовдун оклады штаттык расписание боюнча 0 сом.

Компания факты түрүндө ишке кирбесе деле, кызматкерлер айлык жана сый акы алып турушкан.

Автор Т-медиа 12136 статей

Оставьте первый комментарий

Оставить комментарий

Ваш электронный адрес не будет опубликован.


*