
Хоккей боюнча Кыргызстан курама командасы дүйнө биринчилигине катышууга жолдонмо алды. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстан маалымат агенттигинде өткөн маалымат жыйынында Кыргызстандын Хоккей федерациясынын президенти Анвар Оморканов билдирди.
Анын айтымында Эл аралык хоккей федерациясы менен биргеликте жүргүзүлгөн териштирүү иштеринин жыйынтыгы менен кыргыз курамасы дүйнө чемпионатына катышмай болду.
Тандоо турунда кыргыз хоккейчилери Кувейт, Таиланд, Босния жана Герцеговина, Гонконг командаларын ири эсеп менен утуп, акыркы беттешинде Бириккен Араб Эмирлигинин командасын да жеңип алышкан. Мындай жеңиш кыргызстандык оюнчуларга Дүйнө чемпионатынын үчүнчү дивизионуна чыгууга мүмкүнчүлүк бермек.
Бирок Эл аралык хоккей федерация улуттук команданын курамында Россияда ойногон Александр Титов да болгон деген негиз менен алгачкы төрт жеңишти жокко чыгарып салган. Андан кийин Кыргызстандын федерациясы апелляцияга берип, өз чындыгын далилдеди.
Хоккей боюнча дүйнө чемпионаты 2020-жылдын 1-17-май аралыгында Цюрих менен Лозаннада (Швейцария) өтөт.
Оставьте первый комментарий