Кыргыз-казак жаштары Талас көлүн тазалашты

Кыргызстан менен Казакстандын жаштары эки өлкөнүн ортосунда жайгашкан Талас көлүн биргелешип тазалашты. 

Эки өлкөнүн келишиминин негизинде алгачкы ирет өткөрүлгөн экологиялык иш-чарага Кыргызстандын бардык аймагынан 30 жаш активист барган. Алардын катарында Ош шаарынан Атабек Арипов да барып келди.

Атабек Арипов жаш парламентарийлер мектебинин атынан барган. Ал эки өлкөнү бөлүп турган Талас көлүн тазалоого салым кошконуна кубанып турат.

«Кыргызстан менен Казакстандын жаштары биргеликте Талас көлүн тазалап чыктык. Чынында көлдүн айланасы булганып, тазалоого зарылчылыгы жаралыптыр. Бир күн кечке тазаладык. Ишембилик менен катар эле коңшу өлкөнүн жаштары менен таанышып, достошуп келгенибизге кубанып турабыз«,-деди Атабек Арипов.

Экологиялык иш-чаранын өткөрүү негизги максаты кыргыз-казак мамилесин чыңдоо менен биргеликте жаштардын патриоттук духун көтөрүү жана экологиялык тармакты сапаттуу жогорулатуу болуп саналат.

Мындан сырткары, эки өлкөнүн жаштарын айлана-чөйрөгө, экологияга аяр мамиле жасоого үндөө менен боордош элди бөлгөн чек ара  жок экенин калкка жеткирүү.

Иш-чара “Тараз шаарынын акимиятына караштуу  ресурстук борбордун ички саясаты” жаштар коомунун бирикмеси, Борбор азияны өнүктүрүү фонду, Астана дипломатиялык клубу, жана “Казакстан айыл жаштары” коомдук бирикмеси тарабынан өткөрүлдү.

Белгилүү болгондой Алтау мөңгүсүнөн келген суу Талас, Чу, Асаба көлдөрүнө куят. Эки өлкөнүн тургундары суу менен камсыз болот. Агрардык, энергетикалык секторлор ушул көлдөр аркылуу суу менен камсыздалат.

 

Автор Т-медиа 11166 статей

Оставьте первый комментарий

Оставить комментарий

Ваш электронный адрес не будет опубликован.


*