Кыргыз Премьер лигасы: 9-тур оюндарынын жадыбалы аныкталды

Кыргыз Премьер лигасынын 9-тур оюндарында кайсы командалар беттешери такталды. Ага ылайык биринчи жуптук беттеш «Кара-Балта» менен «Дордой» командалары ортосунда болот.

Эки команданын биринчи беттеши Бишкек шаарында болуп, анда 3:0 эсеп менен Дордой командасынын жеңиши менен аяктаган.

Кара-Балта — Дордой командаларынын экинчи беттеши Кара-Балта шаарындагы Манас стадионунда болмокчу.

9-турдун жалпы беттештерине көңүл буралы:

1-июнь

16:00 «Кара-Балта» — «Дордой»
Кара-Балта  стадиону «Манас»
Калыс — Дайыр Абдылдаев

18:00 «Алай» — «Илбирс»
Ош шаары  Ахматбека Суюмбаева атындагы стадион
Калыс — Медер Тайчиев

18:00 «Абдыш-Ата» — «Алга»
Кант шаары стадион МИС
Калыс — Тимур Файзуллин

2-июль

18:00 «Нефтчи» — «Академия-Лидер»
Кочкор — Ата шаары  «Нефтчи» стадиону
Калыс — Дмитрий Машенцев

 

Т-медиа
Автор Т-медиа 6073 статьи

Пикир калтыруу

avatar
  Жазылуу  
Кабарлоо