Байматов, Бернхардт, Шүкүров Кыргызстан-Палестина беттешине катышпайт

Футбол боюнча Кыргызстан курама командасынын машыктыруучулар штабы Кыргызстан Палестина беттешине ойной турган футболчулардын акыркы тизмесин жарыялады.

Эки курама команданын жолдоштук беттеши 11-июнь күнү саат 20:00дө Бишкек шаарындагы Д. Өмүрзаков атындагы стадионго белгиленген.

Ага ылайык кыргыз курамасынын тизмеси жарыяланды. Анда Азамат Байматовдун жараатына байланыштуу Палестинага каршы беттеште оюнга чыга албайт.

Ал эми  Эдгар Бернхардт Малазиянын «Кедах» клубуна жаңы кошулганына байланыштуу ал клубда биринчи беттешин өткөрө турган болгон.

11-июндагы көк майсанга чыкчу футболчулардын тизмеси:

Дарбазачылар:  Калысбек Акималиев («Абдыш-Ата»), Валерий Кашуба, Павел Матяш («Дордой»);

Коргоочулар:  Тамирлан Козубаев (ПКНС, Малайзия), Мустафа Юсупов, Александр Мищенко, Айзар Акматов (баары «Дордой»), Андрей Долженко («Илбирс»);

Жарым коргоочулар:  Бахтияр Дүйшөбеков («Башундхара Кингз», Бангладеш), Азиз Сыдыков («Санат Нафт Абадан», Иран), Муролимжон Ахмедов, Ислам Шамшиев, Фархат Мусабеков, Антон Землянухин, Бекжан Сагынбаев, Жыргалбек уулу Кайрат (баары «Дордой»), Ахлидин Исраилов («УиТМ», Малайзия), Турсунали Рустамов («Худжанд», Таджикистан), Одилжон Абдурахманов («Алай»), Гулжигит Алыкулов («Неман», Беларусь);

Чабуулчулар:  Эрнист Батырканов, Мирлан Мурзаев («Дордой»)

Автор Т-медиа 11161 статья

Оставьте первый комментарий

Оставить комментарий

Ваш электронный адрес не будет опубликован.


*