Салык отчётторун электрондоштуруунун мөөнөттөрү аныкталды. Тизме

Салык төлөөчүлөрдүн отчетторун электрондук түргө өткөрүүнүн мөөнөттөрү аныкталды. Бул тууралуу мамлекеттик салык кызматы расмий сайтында жарыялады. 

Салык отчету милдеттүү түрдө электрондук формага өткөндөн кийин салык төлөөчүлөр квалификациялуу электрондук кол тамга менен кол коюлган отчетту берүүгө тийиш. Ага чейин салык отчетуна жөнөкөй электрондук кол тамга коюлат.

Салыктык отчеттуулукту электрондук документ түрүндө милдеттүү түрдө берүүгө өтүү салык төлөөчүлөр тарабынан төмөнкү мөөнөттөрдө ишке ашырылат:

– 2019-жылдын 1-июлунан тартып – кошумча нарк салыгын төлөөчү катары катталгандар, ошондой эле товарларды импорттоону жана экспорттоону ишке ашыруучу уюмдар жана жеке ишкерлер,

– 2021-жылдын 1-январынан тартып – уюмдар жана жеке ишкерлер үчүн,

2022-жылдын 1-январынан тартып – салык төлөөчүлөрдүн башка категориялары үчүн

Мында салык отчетун электрондук түрдө тапшыруунун мөөнөтү жете элек салык төлөөчүлөр, салык отчетун электрондук түрдө өз ыктыяры менен бере алышат.

Эскерте кетсек, “Салыктык отчетуулукту электрондук документ түрүндө берүү тартиби жөнүндө жобо” жана “Салыктык отчеттуулукту электрондук документ түрүндө берүүгө өтүүнүн тартиби жана мөөнөттөрү” 2018-жылдын 12-декабрында өкмөттүн токтому менен бекитилген.

Назгүл Ахунова
Автор Назгүл Ахунова 859 статей

Пикир калтыруу

avatar
  Жазылуу  
Кабарлоо